Баткен шаарындагы «Жоомарт Бөкөнбаев» атындагы орто мектептин окуучуларына лекция
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
21 May, 2026
2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Баткен шаарындагы «Жоомарт Бөкөнбаев» атындагы орто мектептин окуучуларына «Финансылык сабаттуулук» темасында лекция өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлчүлүгү акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо боюнча айтышты.
Кыргыз Республикасында санарип төлөм каражаттарын, башкача айтканда QR-коддорду колдонууну өнүктүрүү иш-чаралары тууралуу айтып беришти жана дропперликтин кесепеттеринен улам орун алган жагдайларды талдашты.

adminfinsabat
0 пикир