Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Баткен районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук»

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 19 Jul, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 19-июлунда Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылы социалдык контракттардын негизинде жардам алууга кайрылган Баткен районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча пландаштырылган лекция өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө  эрежелери боюнча маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир