Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Баткен областында мейман лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 14 Apr, 2025
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Глобалдуу акча жумалыгы – 2025  иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-11-апрель күндөрү Баткен шаарынын В.И. Ленин, С.Айтматов, А. Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына жана Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине көчмө лекцияларды өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө  эрежелери, ошондой эле шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир