Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Балдар үчүн «Каражат топтоолор» финансылык сабаттулук боюнча оюну

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 06 Jun, 2022
blog-thumbnail

2022-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдыгын жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында балдар үчүн чакан майрамдык иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө бир нече номинация боюнча балдар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Мындан тышкары, Улуттук банктын кызматкерлеринин 13 жаштан жогору курактагы балдары арасында финансылык сабаттуулук боюнча “Каражат топтоо” оюну өткөрүлдү, анын жүрүшүндө балдар киреше жана чыгаша, аманат, кредит, инфляция сыяктуу финансылык терминдер тууралуу кеңири маалымат алышты, жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү боюнча алгачкы көндүмдөргө ээ болушту, учурдагы жана келечектеги керектөөлөрдү аныктоо боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүшүп, өз келечеги үчүн акча топтоо маанилүү экендиги жөнүндө түшүнүк алышты.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир