Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Ачык эшик күнү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 17 May, 2024
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 17-майында Эл аралык музей күнүнө карата жана улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилген күнүн белгилөөнүн алкагында Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.

Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Кыргызстандын  Улуу жибек жолу өркүндөгөн мезгилде акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу монеталар экспозициясы жана Улуттук банк тарабынан 1995-2024-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Улуттук банктын музейине келүүгө үлгүрбөй калган жарандар алдын ала 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук дареги аркылуу жазылуу менен иш күндөрү саат 10:00-16:00 чейин экскурсияга келсе болот.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир