Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Атайын лекция жана экскурсия болуп өттү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 27 Oct, 2023
blog-thumbnail

2023-жылдын 27-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин «Бизнести башкаруу» багыттагы студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейине экскурсия болуп өттү.

Студенттер уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча лекцияны угушту, анын жүрүшүндө Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулук, каражат топтой билүү, финансылык коопсуздук деңгээли жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ресурстары тууралуу маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир