Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Атайын лекциялар өткөрүлдү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 18 Apr, 2022
blog-thumbnail

SOS – Кыргызстандын балдар айылы  коомдук фондунун кайрылуусу боюнча Улуттук банк 2022-жылдын 15-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы-2022 иш-чарасынын алкагында Бишкек шаарындагы Герман Гмайнердин SOS – Окутуу-тарбиялоо комплексинин мугалимдери менен окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук темасы боюнча атайын лекция,  Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия өткөрдү. Бул иш-чарага 28 адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар финансылык сабаттуулук деген эмне, ал эмне үчүн керек деген суроолоруна маалымат алышып, финансылык сабаттуулуктун негизги эрежелери менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары, балдарга Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун (www.frn.kg) өкүлү тарабынан эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге үйрөнүү, тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир