Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Акча алиппеси. 5-бөлүк

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-tag Окутуу, Окуучулар үчүн
  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 01 Mar, 2019
blog-thumbnail

Колдонмонун бул чыгарылышы үй бүлөлүк бюджет темасына арналган

Калктын финансылык сабаттулугун жогорулатуу бүгүнкү күндө орчундуу маселеге айланды, анткени ал учур талабына түздөн түз байланыштуу болуу менен улуулар үчүн гана эмес, балдар үчүн да маанилүү. Ушундан улам, Улуттук банк кенже класстын окуучулары үчүн «Акча алиппеси» аталышындагы кызыктуу сүрөттөр менен коштолгон колдонмо китепченин беш бөлүгүн иштеп чыккан. Алардын ар биринде балдарга анчалык түшүнүктүү боло бербеген акча, үй-бүлөлүк бюджет, банктык пластик карттар, пенсия тууралуу маселелер жеңил жана жеткиликтүү түрдө сүрөттөлүп, чечмеленип берилген

«Акча алиппесинин» бардык бөлүктөрү Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылып, басып чыгарылууга сунушталган.

ачып көрүү

author_photo
adminfinsabat

0 пикир